• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди

Коом 0

Бишкек, 22.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-октябрда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча "Айкөл-3" атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Сириядан Кыргызстанга атайын рейс менен Кыргызстандын жарандары - 21 аял жана 62 бала алып келинди.

"Кыргыз тарап бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо үчүн АКШ өкмөтүнө, ошондой эле БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Белгиленгенлей, бул миссиянын алкагында кыргыз делегациясы ошондой эле Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий