• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ башчысынын орун басары: Баткендеги бириккен кампада 42 тонна гумжардам калды

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов ведомствонун Баткендеги бириктирилген кампасында болжол менен 42 тонна гуманитардык жардам калганын билдирди. Бул тууралуу ал коңшу мамлекет менен болгон куралдуу кагылышуудан кийин облустун чек арага жакын райондорундагы абал менен таанышуу үчүн келген журналисттерге билдирди.

Ведомство башчысынын орун басарынын айтымында, ӨКМ аркылуу 12 айыл гумжардам алышты. Ал жашоочулар кайдыгер эмес жарандар өздөрү алып келип берип атышкан жардамдарды да алып жатышканын кошумчалады.

Ахматов жалпы 538 тонна гумжардам ккелип түшкөн, ал дароо муктаждарга таратылып берилгенин билдирди. Бүгүн, 4-майда Бишкектен жана башка облустардан кошумча гумжардам келүүсү күтүлүүдө.

“Кайдыгер эмес бардык жарандарга ыраазычылык айтам. Каражат чогулткусу келгендер аларды түздөн-түз жашоочуларга өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Бийлик дагы жарандар акча жөнөтө ала турган атайын эсеп ачты”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий