• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт Баткендеги калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Баткен облусундагы калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу КР премьер-министри Улукбек Марипов Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

“Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат.

Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий