• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев Сүлүктү шаарындагы кап заводдун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сүлүктү шаарындагы "Сүлүктү-Бакай" кап заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, завод 2023-жылдын сентябрь айынан баштап, алгачкы продукциясын өндүрө баштаган.

Учурда ишканада күнүнө 18 миң даана полипропилен каптары өндүрүлүп, аймактагы муктаждыкка пайдаланылууда. Тагырагы көмүр өндүрүү, акиташ чыгаруу жана дан эгиндерин сактоо үчүн кеңири колдонулуп жатат.

Заводду ачууга 45 млн сом жумшалган. Анын ичинен 11 млн сому Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан каржыланган. 34 млн сому жеке ишкер Каныбек Исмаиловдун өздүк салымы болду. Учурда 75 киши жумуш орду менен камсыз болгон.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жеке ишкердин аракети менен, кап заводунун ачылышы, өнөр жайлуу Сүлүктү шаарынын өндүрүшчүлөрүнүн муктаждыгын жеңилдетип, жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орун болгону, баалоого арзыйт.

Пикир

Оставить комментарий