• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2023-жылы дээрлик $16 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 15,7 млрд АКШ долларын түздү, бул 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 29,9 пайызга көп. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымына караганда, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 26 пайызга көбөйдү.

Төраганын биринчи орун басары ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,7 пайызга төмөндөгөндүгүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий