• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР элчиси Исламабаддын Кичи ишкерлер жана өнөр жайчылар палатасынын өкүлдөрү менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарынын Кичи ишкерлер жана өнөр жайчылар палатасынын президенти Саджад Сарвар жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча кыскача пикир алмашты.

Тактап айтканда, пайдалуу кендерди, азык-түлүк, айыл чарба жана фармацевтика продукцияларын экспорттоо-импорттоо, ошондой эле эки тараптуу туризмди өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешти.

Элчи Тотуяев жолугушуунун катышуучуларынын Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолоруна жооп берип, пакистандык ишкерлерди ар түрдүү эки тараптуу соода-экономикалык багыты боюнча иш-чараларга, атап айтканда, Бишкекте 16-17-мартта өтө турган Кыргыз-Пакистан соода-инвестициялык форумуна активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий