• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери. Быйыл миңден ашуун наристеге спортчулардын аттары ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда миңден ашуун наристеге Олимпиада оюндарынын байгелүү оюнчуларынын ысымдары берилген. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, наристелерге Токио Олимпиада оюндарынын байгелүү оюнчулары Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекованын жана Мээрим Жуманазарованын аттары ыйгарылган.

КР Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, 414 наристеге – Акжол, 323 наристеге – Айсулуу, 374 наристеге – Мээрим жана 279 наристеге – Айпери ысымдары берилген. Ошондой эле октябрь айында төрөлгөн үч эм кыздарга дагы спортчулардын аттары берилген.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова 2021-жылдын Олимпиадалык оюндардын күмүш байге ээлери болушса, Мээрим коло медалдын ээси.

Ал эми Айпери Токиодо 5-орунду ээлеп, 2021-жылы дүйнө чемпионатында коло медалын алса, кийинчерээк 23 жашка чейинки спортчулардын арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий