• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бахтияр Салиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кечээ, 16-февралда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору Бектур Орозбаев менен жолукту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда Бактияр Салиев Орозбаевди кызмат орду менен куттуктоо менен бирге, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган алдыдагы иш-аракеттерин жана пландарын айтты.

Ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун ишмердүүлүгүн актуалдаштыруу максатында агенттиктин демилгеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара жана мамлекет менен биргеликте иш алып баруу механизмдерин жакшыртууга багытталган агенттик, Өз алдынча башкаруулар союзу жана Өнүктүрүү саясат институту ортосундагы 3 тараптуу кызматташтык жөнүндө кол коюлган меморандумда каралган милдеттер талкууланды.

Жолугушуу учурунда Салиев платформанын концепциясын ишке ашырууда көптөгөн жыйынтыктарды, жетишкендиктерди белгилеп кетти. Анын ичинде өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттин биргеликте иштешүү механизмдеринин тизмеги даярдалып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун форуму өтүп, өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекет менен биргеликте иш алып барууда тараптардын макулдашылган позициясы иштелип чыгып, муниципалдык кадрдык потенциалды жогорулатууда, семинар-кеңешмелерди уюштурууда, ошондой эле ушул меморандумдун иш-чараларын аткарууда тараптарга олуттуу колдоо көрсөтүлгөндүгү айтылды.

Орозбаев агенттик тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолорго ыраазычылык билдирүү менен, мындан ары да союз жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер биргеликте улантылышына тилектештигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий