• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын биринчи айымынын фонду муктаждарга кийим-кече түрүндө жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. «Үмүт булагы» коомдук фонду Түркиянын Дениз Фенери ассоциациясы менен биргеликте Бишкек шаарындагы, Чүй облусунун Сокулук жана Панфилов райондорундагы «Үй-бүлөгө көмөк» социалдык жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөргө кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү.

Фонддун Facebook`тагы баракчасында маалымдалгандай, балдардын кийимдери Мамлекеттик балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жана Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнө берилди.

Фонд Дениз Фенери ассоциациясына республиканын калкына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Эске салсак, “Үмүт булагы” фондунун жетекчиси Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарова.

Пикир

Оставить комментарий