• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Баткендеги чек ара жаңжалынан каза болгон жоокерлер эскерилди

Коом 0


Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында Мекен үчүн курман болгон баатырларды эскерүү иш-чарасы өтүп, анын алкагында сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов жана шейит кеткен жоокерлердин ата-энелери катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов шейит кеткен баатырлардын эрдиктери ар дайым эскерилип, мектеп программаларына киргизилип, документалдык тасмаларга түшүрүү керектигин айтып, учурда сериал тартуу боюнча иштер башталганын кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда чек ара жаңжалынан кайтыш болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады. Ошондой эле турак үйлөр, чарбалык жана социалдык, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланган жана жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий