• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлери боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган күзөт кызматкерлеринин алынгандыгы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

"Азыркы учурда экс-президентти кайтарган күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, комитет Атамбаевдин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий