• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайы: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Эртең, 22-декабрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7,

Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7,

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7,

Бишкек шаарында түндө бир аз кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн температура -3…-5, күндүз +5…+7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий