• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддын 3 тургуну эмнеден уулангандыгы маалым болду

Ден соолук 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Жалал-Абаддын үч тургуну үй шартында жасалган салаттан ууланган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алар Акман айыл аймагынын Таш-Булак айылынын тургундары.

“19-декабрда 23 жаштагы Н.О., аттуу балага “ботулизм” (тамак-аштан уулануу) оорусунун диагнозу коюлуп, райондун аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Андан сырткары, 49 жаштагы М.Н., жана 5 жаштагы небереси Н.О., аталган оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, ботулизм оорусуна каршы дарыланып жатышат”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери жана райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий