• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статс-катчылар жана маморгандардын аппарат жетекчилери үчүн жаңы мыйзам алдындагы актылар боюнча окутуулар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу жаңы кабыл алынган мыйзам алдындагы актылар боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында статс-катчылар жана мамлекеттик органдардын аппараттарынын жетекчилери үчүн жаңы мыйзам алдындагы актылар боюнча окутуулар болуп өттү.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев өткөн жылы июнь айында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” жаңы мыйзам күчүнө киргенин жана аны ишке ашыруу үчүн 2016-2017-жылдары Президенттин 3 Жарлыгы, Өкмөттүн 9 токтому, 30га жакын жоболор иштелип чыкканын айтты.

Жогорудагы семинарда “Кыргыз Республикасында ишмердүүлүктү баалоо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акыны төлөө шарттары боюнча” Өкмөттүн токтому презентацияланды.

Мындан сырткары, семинардын катышуучулары үчүн мамлекеттик органдардын статс-катчыларыжөнүндөгү жана алардын квалификациялык талаптары боюнча презентациялар болду. Ошондой эле, семинардын катышуучулары “Кадрлар” автоматтык системасынын жайылтылышынын биринчи этабынын жыйынтыгы менен таанышышты.

Мыйзам астындагы актылардын кабыл алынышынын натыйжасында “ бири-бири менен өз ара байланышта интеграциялоого негизделген “кызматка тапшыруу – өтүү – баалоо - дем берүү” эрежелери эл аралык стандарттарга жакын. Ал мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн арттырууга түрткү берип, аларды натыйжалуу иштегенге кызыктырат.

Мындай баалоонун негизинде кызматчылардын аткарган иштеринин натыйжасына жараша баалоо боюнча комиссия тарабынан жылдык баа коюлат. Ушул алган баанын негизинде кызматчыга айлык акысына кошумча төлөм, кезектүү жана кезексиз класстык чендерди ыйгаруу, сыйлыкка сунуштоо, чет өлкөгө окууга жиберүү сыяктуу стимулдар каралган. Эң жакшы баага татыктуу болгон, б.а. “беш” алган кызматчылар үчүн жогору турган кызмат ордуна сынаксыз кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул чаралар кызматчылардын ишке болгон жоопкерчилигин арттырып, материалдык жана моралдык жактан кызыктырууга жакшы өбөлгө болот.

Ал эми баалоонун натыйжасында төмөнкү баа алгандарга ротация аркылуу жумуштан төмөндөтүү жана ээлеген кызматына ылайыктуу эмес деген чечимдер чыгарылат.

Өзгөрүүлөр статс-катчылардын ишине да тийиштүү. Эми статс-катчылар мамлекеттик органдардын тармактык иштерине кийлигишпейт. Мындай жагдайга жетекчинин ордун убактылуу ээлеген учурда гана жол берилет. Статс-катчынын милдеттенмелери – өндүрүш процесстерин уюштуруу: аппараттын түзүмүн, функцияларын жана иштерин пландоо, кадрларды тандоо ишин уюштуруу, персоналдардын ишине дем берүү, баалоо, анализдөө, каржы менеджменттиги. Жаңы жободо статс-катчылардын иштери бааланат жана аны ротациялоо жолу көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.Момуналиевдин айтымында, жаңы мыйзам жана мыйзам алдындагы актылардын кабыл алынышы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматты реформалоодо олуттуу иштер аткарылды. Бул реформалардын натыйжасында кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу аркылуу калкка сапаттуу кызмат көрсөтүлөт, аны менен катар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү коррупцияга бөгөт коюлат.

Пикир

Оставить комментарий