• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрү оппозициячыларды өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 27-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрү оппозициячыларды өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого жана өз укуктарын сотто коргоого чакырат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Апрель революциясынын баатырынын жесири Айнура Камаева билдирди.

“Кыргызстанда жөнөкөй жаран, партия лидери же депутат болбосун мыйзам бир. Эмнеге Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жөнөкөй жаран эл өкүлдөрүнө жардам же адилеттүүлүк сурап кайрылганда аракет кылышпай, камакка алынган депутаттын укугун коргоп чуркап жүрүшөт? Эмне үчүн алар өз шайлоочуларынын укуктарын ушундай өжөрлүк менен коргошпойт? Урматтуу оппозициячылар, бизге тынчтык жана достук керек. Карапайым калктын башын айлантып, кырдаалды козутпагыла”, - деди ал.

Ошондой эле Айнура Камаева, азыркы өзүн оппозициячы атаган саясатчылар 2010-жылдагы революциядан кийин качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин бийлигин жана мүлкүн талап баштагандыгын билдирди.

“Мындан тышкары, бүгүн өзүн бийликтин душманы атаган айрым саясатчыларды белгилей кетким келет. Алардын бири Чолпон Жакыпова. 2010-жылы ал өлгөн балдардын энелерин бузукулар деп атагандыгын эч ким унута элек. Ал сотто отуруп алып, Курманбек Бакиевди жактаган. Башкалар Бакиевдин адвокаттарына лицензия берип башташкан”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий