• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монополияга каршы мамагенттиги «Upim» дүкөнүнө айып салды

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. «Upim» дүкөнүнө КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында мониторинг учурунда ак жана кара фондо «Upim» деген жазуусу бар, бирок жарнакталуучу товар тууралуу маалыматы жок жарнамалар көрнөк-жарнактарда ​​жана LED-экрандарда таратылып жаткан.

«Жарнама жөнүндө» КР Мыйзамынын ченемдерин бузуунун мүмкүн болуучу белгилерине шектенүү менен «Upim» брендинин продукциясын Кыргызстанда саткан «Смарт Фешн» ЖЧКсына жарнаманы андан ары изилдөө үчүн, маалымат берүү жөнүндө кат жөнөтүлгөн.

Бирок, «Смарт Фешн» ЖЧКсы суралган маалыматты катта көрсөтүлгөн мөөнөттө берген эмес.

“Буга байланыштуу «Смарт Фешн» ЖЧКсынын дарегине ыйгарым укуктуу органга мыйзам менен берүү каралган маалыматтарды, отчетторду бербөө, өз учурунда бербөө же анык эмес маалыматтарды берүү үчүн, айып түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий