• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ДИМК диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө эки күндүк семинар уюштурду

Коом 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) «2021-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Конституция, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик саясаттын жөнгө салынышы, коопсуздук маселелери, радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча эки күндүк окутуу семинарын уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев сөзгө чыгышты.

Иш-чаранын негизги максаты - светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, дин тутуу эркиндиги, диний сабаттуулугун жогорулатуу, адам укуктары, коомдогу туруктуулук, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана маалыматтуулугун кеңейтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий