• 88.68
  • 95
  • 0.95

8,5 млн сом. Товарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы боюнча зыяндын орду толтурулду

Коом 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Казакстандан Кыргызстанга кире бериште 7 млн 500 миң сомдон ашык суммадагы товардык-материалдык баалуулуктарды тиешелүү жүк ташуу документтерисиз мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндөгү милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыян аныкталып, мамлекеттик бюджетке толугу менен кайтарылды.

Учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо туралуу ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий