• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкентте Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Кызыл алма” сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Ташкент, 25.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият жана искусство күндөрүнүн алкагында Ташкенттеги сүрөт үйүндө залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Кызыл алма” көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысы иш-чара өтүп жаткан жерден кабарлайт.

Кыргыз делегациясынын башчысы, Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Бакыт Секимов куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын, Өзбекстандын президенттери Сооронбай Жээнбековдун жана Шавкат Мирзиёевдин акылман саясатынан улам бүгүн кыргыз-өзбек мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Көп жылдык тыныгуудан кийин КРнын маданият күндөрүн Өзбекстанда өткөрүү, анын алкагында Айтматовго арналган сүрөт көргөзмөсүн ачуу КР менен Өзбекстандын достугунун жана кызматташтыгынын өнүгүшүнүн күбөлүгү болуп саналат”, - деди Секимов.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин департаментинин жетекчиси Дамира Алашбаеванын айтымында, көргөзмөнүн “Кызыл алма” деп аталышы Чыңгыз Айтматовго болгон урмат-сыйды билдирет.

Көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жашоосуна, экинчи бөлүгү кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнө арналган.

Иш-чарага өкмөттүн өкүлдөрү, Өзбекстандын элдик көркөм академиясынын, маданият министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрү жана этникалык кыргыздар катышты.

Пикир

Оставить комментарий