• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков ар бир жообунда ырааттуу болду – эксперт

Коом 0

Бишкек, 25.12.19 /Кабар/. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жыл аягындагы маалымат жыйыны өттү. Иш-чараны 188 мамлекеттик жана чет элдик ММКнын журналисттери чагылдырды. Алардын ичинен 160 журналист Кыргызстандын 77 ММКсынан, ал эми 28 журналист 15 чет элдик ММКдан келди. Бул Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндөгү экинчи маалымат жыйыны болду.

Бул маалымат жыйыны боюнча Стратегиялык изилдөөлөр борборунун (Москва шаары) аналитиги Павел Дементьев өз пикирин билдирди.

"Жалпысынан маалымат жыйыны эч кандай күтүлбөгөн жагдайсыз өттү. Президент Жээнбеков ар бир жообунда ырааттуу болду. Алмазбек Атамбаев тууралуу суроо боюнча да так көз карашын билдирди", - деди ал.

Президенттин айтымында, Атамбаев анын пикирлеш адамы болгон, алар эл жактырбаган режим менен бирге күрөшүшкөн.

"Мен президент болгондон бери бир да сөз айткан жокмун. Себеби мага мамлекеттин, элдин бүтүндүгү өз тагдырыман да бийик турат. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып жатышты. Мен баарына чыдадым, күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгюкка алып келди. Бул маселе мыйзам чегинде чечилет. Ал менин колумда эмес. Буга чейин экөөбүздүн колубузда эле. Азыр эми укук коргоо органдарынын колунда. Мына кечээ парламент да ал боюнча өз баасын берди. Мен буга бир нерсе кошуп айта албайм", - деген Жээнбеков.

Дементьевдин пикири боюнча, президент ал маселе боюнча так жооп берди.

"Президент өлкөнүн өнүгүшүнүн ийгиликтерин айтып өттү. Ийгиликтер бар жана аз эмес. Биринчиден, Жээнбековдун тушунда соттук реформа башталды. Жолдор тартипке келтирилүүдө. Мен билгенден, Кыргызстандын айылдарында электр инфраструктурасы акыркы 50-60 жыл аралыгында алмаштырылган эмес. 2019-жылы эски зымдар жаңы кабелдерге алмаштырылды. Жээнбековдун маалында сугат системасын оңдоп-түзөө иштери башталды", - деди ал.

Эксперт өлкөнү санариптештирүүсү боюнча иштерге да пикирин айтып өттү.

"Санариптештирүү боюнча бир нече ирет оюмду билдиргем. Санариптештирүү өлкөнү, анын аймактарын өнүктүрүүнүн башкы факторлорунун бири. Иштешүүнүн жаңы деңгээлине чыкпай туруп өнүгүү тууралуу сөз кылууга болбойт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий