• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөн шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Өзгөн шаарындагы турак үй толук өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн аны өчүрүүгө эртең мененки саат 9:48де Өзгөн райондук №53 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 10:04тө №103 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жеринде жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп иштеди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 11:10до курчоого алынып, саат 13: 53тө өрт өчүрүлгөн.

Учурда техногендик кырсыктын келип чыгуусу, материалдык чыгымдарын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий