• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунун аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Сузак районунун аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 4-май күнү саат 22:50 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков аайыл аймагында Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарында, Барпы айыл аймагындагы Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү каптаган.

Мындан тышкары, Барпы айыл аймагында Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйгө сел суулары кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында 1 турак үй урап түшкөн.

Ошондой эле Чангет-Сай дарыясынын денгээли көтөрүлүп, Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган.

Учурда жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Сузак райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтору жана 77 куткаруучу, техникалардан 3 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 грейдер, 1 манипулятор, 2 МТЗ-80 трактор тартылып, кырдаалды жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Миң-Өрүк айылынан 15 үй-бүлө жана Кара-Жыгач айылынан 20 үй-бүлө эвакуацияланган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий