• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Балыкчыда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 3 унаа тартылган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен үйдүн 240 чарчы​ метр чатыры күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий