• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суу районунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кара-Суу районунун тургундарына керектүү документтерди алуудагы кезек күтүү көйгөйүн чечүү, ыкчам кызмат көрсөтүү жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында, заманбап калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан имарат менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов таанышып чыкты.

Аталган мекеме майда ишке кирип, жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий