• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда базарларда санитардык талаптардын так сакталышы эскертилди

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Жалал-Абадда базарларда санитардык талаптардын так сакталышы эскертилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр Мураталы Тагаевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти калаадагы базарлардын жетекчилерин чогултту.

Департамент тарабынан менчигинин түрүнө карабай бардык базарларда санитардык талаптардын так сакталышы эскертилди. Сатуучулар санитардык эрежелерди карманып кардарларды тейлеши керек.

Эскерте кетсек, калаада жалпы 13 базар иштейт.

Пикир

Оставить комментарий