• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялайт

Экономика 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялайт.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 15-октябрында саат 15.00гө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.

Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы буйругу менен акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамында 15 адам, анын ичинде Салык кызматынын, Бажы кызматынын, Экономика министрлигинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, “Инфо-система” мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирди.

Конкурстук комиссиянын негизги милдеттери болуп конкурстун катышуучуларына карата техникалык жана квалификациялык талаптар менен конкурстук документтерди иштеп чыгуу, катышуучу компанияларды кеңири тартуу, акциздик маркаларды компоненттүү жана ишенимдүү өнөктөш-даярдоочуну тандоо үчүн конкурстук тапшырмаларды объективдүү жана ачык-айкын баалоо саналат.

Эскерте кетсек, алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоого жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүүгө литвалык «Garsu pasaulis» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында бүтөт.

Пикир

Оставить комментарий