• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алтын камтыган кенди жана концентратты казып алуу жана сатуу боюнча кирешелерге салыктын ставкасы жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 22.10.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-августундагы № 141 Мыйзамы менен алтын камтыган кенди жана алтын камтыган концентратты казып алуу жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн кирешелерине салыктын ставкасы жогорулатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салыктын ставкасы 2023-жылга чейин 7 пайызга, ал эми 2023-жылдан тартып 10 пайызга жогорулатылат.

Мындан тышкары, ушул Мыйзамга ылайык роялти боюнча салыктык базасы металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы болуп саналат.

Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.

Роялти боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен төмөнкүдөй бирдиктүү ставка белгиленет:

– алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө;

– алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн – 3 пайыз өлчөмүндө.

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий