• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР СӨП башчысы менен Кытайдын элчиси кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь жолукту.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар ишкерлер үчүн виза алуу боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 17-декабрынан тарта кытай тарап виза берүү тартибин өзгөртүү ишин баштайт.

"КР СӨПтүн мүчөлөрү болгон ишкерлер палатасы аркылуу, ошондой эле СӨПтүн каты болсо элчиликке кайрыла алышат жана алардын маселелери приоритет боюнча чечилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий