• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жумгал райондук бюджетинде 116 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Жумгал районунун 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудиттин жыйынтыгында 116 млн 78,8 миң сом каржылык бузуулар аныкталды. Анын ичинен:

- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши 39,3 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 12,4 миң сом;
- тиешелүү бюджетке каражаттарды кошуп эсептөө тартибин бузуу 1157,7 миң сом;
- Кыргызстандагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу 94,3 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар” 3311,4 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар (2303) 2356,8 миң сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы 9037,9 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар 148,4 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар 890,3 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу 91753,2 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 7277,1 миң сом.

Мындан тышкары, 14 жол-жоболук бузуулар аныкталып, материалдар Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча президенттин Нарын облусундагы өкүлүнө, айылдык кеңештин төрагаларына - отчет, аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Ал эми укуктук баа берүү үчүн төмөнкү айыл өкмөттөрдүн иштери укук коргоо органдарына жиберилди:

- Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек китепчелеринде “дыйкан чарба” мүчөсү катары катталган учурларын иш стаждарына кошуп, кызматтык маянага жалпы 345,8 миң сом пайыздык үстөк кошулуп төлөнүп берилгендиги (2021-жылы 156,1 миң сом, 2022-жылы 189,7 миң сом) боюнча;

- Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү жетпей калган 1997-жылкы баланстык баасы 150,0 миң сомдук микроавтобус боюнча жана Көк-Ой айыл өкмөтү тарабынан 2021-жылда "Көлмө Алтын Булак" ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине суу түтүктөрүн ремонттоо үчүн которулуп берилген 222,3 миң сом боюнча;

- курулуш иштеринин көлөмдөрүн көтөрмөлөө боюнча: Жумгал райондук жалпы-дарыгерлер практика борборунда подрядчы “СК-Нурислам” ЖЧКсы тарабынан көмүркана куруу жумуштарын аткарууда (Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен аткарылган) 214,3 миң сом;

- подрядчы “Бейне Строй” ЖЧКсы тарабынан “Миң-Куш айыл өкмөтүндө балдар үчүн оюн аянтчаларын курууда” (Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен аткарылган) 421,5 миң сом;

- подрядчы “Кайнар Водстрой” ЖЧК тарабынан “Чаек айыл өкмөтүндө Э. Миңбаев атындагы бала-бакчага кошумча курулма курууда” (жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен) 471,6 миң сом;

- Таш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү (кошулгандан кийин Түгөл-Сай) айыл өкмөтү) 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн шайкештик аудиттин отчетунун көчүрмөсү жана курулуш иштерине жүргүзулгөн аудитте подрядчы “Крупно строительная компания” ЖЧКсы тарабынан “Таш-Дөбө айылында түнкү жарыктандырууларды орнотууда” (Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен) 64,7 миң сом жана негизсиз алынган 54,8 миң сом кошумча нарк салыгы;

- подрядчы “Нур Строй Азия” ЖЧКсы тарабынан (жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен) Кабак айыл өкмөтүндө (кошулгандан кийин Миң-Куш айыл өкмөтү) Табылгыты айылында таза-суу системасын оңдоп-түзөө жумуштары боюнча 1114,0 миң сомдук подряддык келишим 2022-жылдын декабрында түзүлүп, подрядчыга 779,5 миң сом которулган, аяктоо мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнуна деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, аталган жумуш толук бүткөрүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий