• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Башкортостандан бизнес-делегация келди

Экономика 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Башкортостандан Кыргызстанга бизнес-миссия менен ишкерлер келди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев делегация менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Башкортостандын ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү келечеги талкууланды. Тараптар ишкерлерге жаңы өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган биргелешкен бизнес-форумдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

"Учурда Кыргызстан Башкортостанга металл, тамак-аш жана машина курууга керектүү буюмдардыэкспорттоодо. Башкортостан Кыргызстанга азык-түлүк, жашылча-жемиш жана жеңил өнөр жай товарларын жеткирүүгө кызыкдар. Бирок, Борбордук Азия өлкөлөрүндө логистиканын кымбаттыгы белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууда. Ишкерлерди колдоо үчүн Башкортостан бийлиги жол киресине кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн убактылуу төлөп берет. Бирок, бардык тараптар бул убактылуу чечим жана логистикалык маселелер чечилгенден кийин эл аралык жүк ташуулар баарына жеткиликтүү болоруна ишенишет", деп билдиришти Соода-өнөр жай палатасынан.

Делегациянын курамында Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов, Башкортостандын тышкы экономикалык байланыштар жана конгресс ишмердүүлүгү министринин биринчи орун басары Лена Изотова, Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Николай Бабкин жана "Башкортостандын экспортту колдоо борбору" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун көргөзмө-жарманке ишинин департаментинин жетекчиси Лилия Зулькарнева бар.

Тараптардын жолугушуусу эки аймактын ортосундагы экономикалык мамилелерди чыңдоого жакшы өбөлгө түзмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий