• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Курамында спирт бар продукцияларды мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Курамында спирт бар продукцияларды мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ЕАЭБдин товарлары үчүн чек ара бекеттери аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында “К.Ф.А.” ЖЧКсы тарабынан 5 миң литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген фактысы аныкталды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргызстандын аймагында курамында спирт бар продукцияны сактоого жана сатууга тиешелүү уруксат кагаздарынын болушу, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий