• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14,5 млрд. кубду түзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 17.06.19./Кабар/. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14,5 млрд. кубду түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 648 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 279 куб метрди түзөт.

17-июнга карата “Электр станциялары” ишканасынын объекттери 28 млн. 535 миң кВт/с электр энергиясын, анын ичинде Бишкек ЖЭБи 1 млн. 99 миң кВт/с иштеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий