• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Талас облусунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин имаратында өткөн жолугушууга облустун 250гө жакын тургуну келген.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилев, ички иштер башкармалыгынын башчысы, облустук прокурордун орун басары, ошондой эле райондук администрациялардын башчылары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да жыйынга катышты.

Акыйкатчы жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн укугу бузулган жарандардын кайрылууларын жеринде чечүүгө чакырды.

Ошондой эле акыйкатчы адам укуктары бузулган баардык учурларды жеке көзөмөлүнө алаарын белгилеп өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен мамлекеттик органдар тарабынан жеке менчик мүлкүнө ээлик кылуу укуктары бузулуп жатканына арызданышып, алимент өндүрүү боюнча сот отурумдарын мониторинг кылууну Акыйкатчы институтунан суранышты.

Тургундардын бири энергетикалык компания электр энергиясы боюнча эсепти жокко чыгарбай, ал тургай жакындары жок, каза болгонуна көп убакыт өткөн адамдын атына деле электр энергиясы үчүн эсеп чыгарып берип жатканын айтты.

“Ал кишинин каза болгонуна көп убакыт болгон. Өлгөн адам кантип электрдин карызын төлөмөк эле. Карызы калганы аз келгенсип, туумдар да кошулуп жатат”, - деп нааразы болду тургундардын бири.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Талант Эдилев жергиликтүү органдар аталган арызды карай турганын, мыйзамга ылайык мындай учурда карызды жоюу керектигин айтты.

Дагы бир тургун анын жеке менчигине карата укугу бузулуп жатканын даттанды.

«Мамлекеттик каттоо кызматы менин участогумдан төрт сотых жерди эки кошунама берүү тууралуу чечим чыгарган. Мунун айынан мен суу ала албай калдым. Баардык инстанцияларга кайрылдым, жыйынтык чыкпай жатат. Менин мамлекеттик органдарда тааныштарым же акчам жок, ошондуктан өзүмдүн укуктарымды коргой албай жатам. Баардыгы эле менин кошуналарым менен Мамлекеттик каттоо кызматынын чечимин коргоп жатышат. Адамдарда акча болсо, акыйкаттык четте ыйлап калат. Жактоочуларды жалдадым, алар жактоочуларды дагы өз тараптарына тартып алышты, аларга кызмат сунушташты. Күйөөм ооруйт, балдарым кичинекей. Мени алдап мамлекеттик органдардын кабылдамасына чакыртып алышты, биз жөн эле күтүп отурдук. Бизди ошенттип алдап күттүрүп коюп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү участокту ченегени кетишиптир. Декабрь айында сот болот. Менин аргам кетип, эмне кылаарымды билбей калдым. Мага жардам бериңизчи, суранам”, - деди аял.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардан аялдын жеке менчикке карата укугун сактоону камсыздоону талап кылды.

“Өзүңүздү таштап салбаңыз. Акыйкатчы институту сиздин ишти мониторинг кылат. Мен сиздин ишти жеке көзөмөлүмө алам”, - деп жооп узатты Акыйкатчы арызданган аялга.

Талас облусундагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка таянсак, алимент өндүрүү боюнча маселелер тууралуу кайрылуулар көбөйгөн.

“Соттун чечимдери болсо да ажырашкан аталар өз балдарына алимент төлөбөй жаткандыгы тууралуу иштер бар. Мисалы, бир эркектин алимент боюнча карызы 600 миңден ашып кеткен. Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен аталган карыз төлөдү”,-деп айтты Талас областындагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Жакшыгүл Узакбаева.

Акыйкатчы институттун статистикасына ылайык, аймактарда жарандардын укуктары юридикалык сабаттуулуктун жетишсиздигинен улам бузула турганын белгилеп өттү.

“Мындай жарандардын укуктары көп учурда калыбына келтирилбей калат. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жарандардын ар бир кайрылууларын тыкыр иликтеп жана алардын укуктарын сактоону камсыздоого чакырам”, - деп талап кылды Акыйкатчы.

Андан кийин улгайган киши милиция кызматкерлеринин аракетсиздигине даттанды. Анын айтымында, милициялар анын арызы боюнча чара көрбөй коюшкан.

“Мен үй сатып алгам, бирок мурдагы кожоюндар ал үйдө жашап калышкан, себеби өзүм уруксат бергем. Мурдагы кожоюн менин үйүмдө жашап жүрүп турак-жайды дагы башка адамга сатып жибериптир. Бул алдамчылык. Мен милицияга кайрылдым, бирок ал жактан чара көрбөй коюшту. Мен бул алдамчылыкты “тастыктап” берген нотариуска да өзүм бардым. Ал мага кайра үйдүн мурдагы кожоюнунун таап келүүнү айтты. Мен Бишкекке барып, “Дача СУ” деген жерден алдамчылар кайда экенин билдим. Дарегин жана телефон номерин алып, милицияга бердим. Милициялар ишти карабай коюшкандан кийин оорулуу аялым менен прокурорго барып даттандым, ал жактан мага “милициянын иши көп экенин айтып” жооп узатышты! Акыйкат издеп жүрөм, баардык жакта шалаакылык”,-деп нааразы болду улгайган адам.

Талас областынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев бул ишти жеке өзү көзөмөлүнө алаарын билдирди.

“Менин кабылдамама келиңиз. Зарыл болгон баардык чараларды көрөбүз”, - деп айтты ИИБдин башчысы.

Дагы бир аял мамлекеттик ипотека алууда кыйынчылыкка кабылып жатканын айтып арызданды.

“Эл кезекте турат, бир аз убакыт өткөндөн кийин аларга мындай пайыздык үстөк менен ипотпека берилбей турганын айтышып, башка үстөк пайыз менен кезекке тургула деп сунушташат. Канча жылдан бери ушинтип келе жатышат”, - дейт нааразы болгон аял.

Ошондой эле дагы бир тургун салык мыйзамдарына арызданды. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү кыймылсыз мүлктү сатууда кайсы учурда салык алына турганын түшүндүрдү.

“Кыймылсыз мүлктү мураска калтырган учурда салык алынбайт. Үй мураска калтыргандан кийин бир жылдын аралыгында мураскор аны сатса анан салык алынат. Мындай учурда салык 10 пайыз колөмүндө болот”, - деп жооп берди салык кызматынын кызматкери.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууда кайрылгандардын көпчүлүгү улгайган адамдар болду.

Пикир

Оставить комментарий