• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардамды өнүктүрүү программасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды өнүктүрүү программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам көрсөтуү кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, документти президенттик администрация карап чыгышы керек. Ал жарандардын укуктук нормалардын бузулушуна байланыштуу көйгөйлөрүнүн алдын алууга багытталган.

"Программанын негизги максаты - кардар-борбордукка өтүү болуп саналат. Азыр бизге жардам сурап кайрылышса, анда бул программа кабыл алынса, алардын көйгөйлөрүн чечип, алгачкы этапта көйгөйлөр чечилиши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Буга чейин биз бардыгы татаалдашып кеткенден кийин гана кесепеттери менен иштечүбүз", - деди Калбеков.

Муну менен катар ал Юридикалык жардам кызматынын ишине кененирээк токтотулду. Анын айтымында, кызматтын ишмердүүлүгү төрт негизги багыт боюнча жүргүзүлөт:

- норматиыдик-укуктук базаны жакшыртуу;
- жарандарды сапаттуу консультативдик-укуктук жана квалификацияланган юридикалык жардам менен камсыздоо;
- юридикалык жардам көрсөтүү боюнча бардык процесстерди автоматташтыруу;
- жарандарды укуктук тарбиялоо.

"Өткөн жылдын август айында "Кепилденген юридикалык жардам жөнүндө" КР мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ал Кыргызстандын юристтеринин курултайында жарыяланган президенттин буйругунун негизинде кабыл алынган, анда ал өлкөдө акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн ролун жана аны өнүктүрүүнүн зарылдыгын, андан тышкары бул системанын алкагында жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акысын көтөрүүнү белгилеген. Бул буйрукту ишке ашыруу үчүн биздин Юридикалык жардам кызматы түзүлдү", - деди Калбеков.

Ал бул мыйзам ар бир мамлекеттик органды өзүнүн милдеттеринин чегинде акысыз юридикалык кеңеш берүүгө милдеттендирерин, ал эми аталган кызмат бул ишти координациялап, сапат стандарттарын, бирдиктүү механизмдерди киргизип, юридикалык кеңеш берген адистердин квалификациясын жогорулатууну ишке ашырып жатканын баса белгиледи.

"Квалификацияланган юридикалык жардам көрсөтүүнүн - мамлекеттин эсебинен адвокаттык кызмат көрсөтүүнүн алкагында биз бул жылы алардын эмгек акысынын тарифин көтөрүп бердик. 1-октябрдан тарта тарифтер 2 эсеге көтөрүлдү. Юристтер системага кошулууга кубанычта. Биздин системанын юристтери жеке адамдар. Алар менен келишим түзүп, ошонун негизинде иш алып барабыз", - деди Калбеков.

Калбеков белгилегендей, буга байланыштуу жактоочуларга талаптар өстү. Механизм адвокат өзүнүн сый акысын алуу үчүн квалификацияланган жардам көрсөтүүнүн бардык стадиясын аткарууга шыктандырылган. Эгерде талаптар аткарылбаса, эч кандай төлөм төлөнбөйт.

"Муну менен катар биз кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Ар бир жарандын кайрылуусу бирдиктүү базага келип түшөт. Бул система юристти дайындайт жана алардын кызматтык графиктерин түзөт. Система ошондой эле юристтин ишинин сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, келерки жылы бул система кылмыштардын бирдиктүү реестринин жана "Сот" автоматташкан маалымат тутуму менен интеграцияланат.

Пикир

Оставить комментарий