• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 29-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 29-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий