• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Профессор вакцинанын коопсуздугу кандайча бааланарын түшүндүрүп берди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кыргыз-Россия Славян университетинин базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы, профессор Аида Зурдинова брифинг учурунда вакцинанын коопсуздугу кандайча бааланарын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, клиникага чейинки фаза - клеткаларды өстүрүү жана жаныбарлардын моделдеринде сыноодон өтөт.

- I фаза - коопсуздугун, иммуногендүүлүгүн сынайт, (10 катышуучу);

- II фаза - коопсуздугун, иммуногендүүлүгүн сынайт, (100 катышуучу);

- III фаза - эффективдүүлүгүн, коопсуздугун, иммуногендүүлүгүн сынайт, (1000 катышуучу).

“3 фазанын жыйынтыгы вакциналардын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун тастыктаса алар каттоодон өтөт. Каттоо процессин өлкөнүн аймагында улуттук көзөмөлдөөчү органдар жөнгө салат. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында - FDA, Европада - EMA, бизде Дары-дармек департаменти жана Республикалык иммунопрофилактика борбору жооп берет”, - дейт ал.

- IV фаза - постклиникалык коопсуздук, эффективдүү, эпидкөзөмөл жана фармкөзөмөл, (1 000 000 катышуучу).

“Вакциналардын коопсуздугу, бардык дары-дармектер сыяктуу эле клиникалык сыноолор аяктагандан кийин жана вакцина ишке киргизилгенден кийин дагы тынымсыз көзөмөлдөнүп турушу керек”, - дейт профессор.

Пикир

Оставить комментарий