• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Инсульт оорусунун көбөйүшү COVID-19дун кесепетине байланыштуубу? Неврологдун жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө инсульт ооруларынын саны көбөйүп, өзгөчө жашарып бара жатканы байкалууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн невролог дарыгери Дариха Бакаева билдирди.

Анын айтымында, муну неврологдор COVID-19 оорусунун кесепети менен байланыштырып жатышат. «Себеби коронавирустун эң биринчи белгилеринин бири - бул майда кан тамырларда кан бүртүкчөлөрү пайда болуп, алардын сезгенүүсүнө алып келет», - деди ал.

Дарыгер кошумчалагандай, коронавирус менен ооруп айыккандарда да көпчүлүк учурда мээге кан куюлуу, ишемиялык инсульт, Гийена-Барре синдрому, узак убакытка чейин чарчоо, уйкусуздук, алсыздык, коркунуч, көңүл чөгүү, эс тутумдун начарлоосу башка жугуштуу ооруларга караганда көп кездешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий