• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда "Тартип" аталыштагы рейд учурунда 26 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкн, 29.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында «Тартип» аталышындагы рейд учурунда бир сутада 26 мас айдоочу кармалып, 455 миң сомдук айып салынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин тийиштүү тескемесинин жана иш-мерчеминин негизинде облусутун аймагында кылмыштуулуктун, ошондой эле оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнүнөн 1-август күнүнө чейинки аралыкта "Тартип" аталыштагы рейдтик иш-чара башталды.

Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын ӨРнын жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар түнкү мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барышмакчы.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнү сутка аралыгында жалпы облус аймагында 320 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталып анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалды.

Пикир

Оставить комментарий