• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ Кумтөр ишине байланыштуу Бишкекте аккредитацияланган дипкорпустун өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурду

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Тышкы иштер министрлиги Кумтөр кенинин айланасындагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлгандыгына байланыштуу Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, брифингдин жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана юстиция министри Аяз Баетов брифингдин катышуучуларына эки тараптын милдеттери жана кол коюлган келишимге ылайык маселени чечүүнүн шарттары тууралуу маалымат беришти, ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Брифингге чакырылгандардын арасынан чыгып сүйлөгөндөр келишимге кол коюлганга чейин болгон пикир келишпестиктердин өз ара жөнгө салынышын кубатташты.

Брифингдин жүрүшүндө кыргыз тарап келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарууга жана Кыргызстандагы ак ниет инвесторлордун жемиштүү чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даяр экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий