• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун башчысы жумушчу сапары менен Кара-Суу жана Ѳзгөн районуна барды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгун, 6-апрель күнү КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Сары Колот айыл аймагында жайгашкан жеке ишкердин чарба иштери менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул жеке чарбада 3 гектар жер аянтын ээлеген күнөскана жана фермалар жайгашкан. Фермаларда асыл тукум жылкылар, ийри мүйүздүу жана майда мал жандыктарды аргындаштыруу максатында багылат. Ал эми күнөсканаларда помидор, бадыран жана болгар калемпири эгилип, өзүбүздүн ички рынокту жашылча жемиштер менен камсыздайт.

“Бул чарба жергиликтүү жашоочуларды иш менен камсыздап, айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Биз ушундай чарбаларды, ишкерлерди ар тараптан колдойбуз”, - деди ал.

Андан сырткары, облус башчы Зиядин Жамалдинов Ѳзгөн районунун Кызыл Октябрь айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Жолугушууда элдер социалдык мекемелердин курулуштары, суу маселеси, жер жана жөлөк пул алуу жана башка маселелерин билдиришти. Ош облус башчысы баардык айтылган көйгөйлөрдү угуп чыгып, маселелерди чечүү үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий