• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-Тородо жаштар туризмди өнүктүрүү боюнча окуудан өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 7-8-август күндөрү жаштарга туризмди өнүктүрүү боюнча атайын окутуу уюштурулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЖашTour долбоорунун алкагындагы окутууда Квест-экскурсия жөнүндө түшүндүрмө берилип, эл аралык денгээлдеги эксперт Регина Гатаулина гид-коштоочу болууну самаган жаштарга тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тренинг учурунда катышуучулар туристтер менен мамиле түзүү, экскурсияларды пландаштыруу жана жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүп, аймактагы кооз жайларда туристтерди жаңыча тейлөө боюнча жөндөмдөрүн жакшырта алышты. Долбоор Германия кызматташтыгынын (GIZ) “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында уюштурулган.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш менен Кан Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы, Беш Көл, Теке Уюк, Жылаңач Бугу, Макмал тоолору туристтердин кызыгуусун жаратып келет.

Пикир

Оставить комментарий