• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине окуутулар өткөрүлүп жатат. Бул утуралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Нуржан Адылова жана Жылдыз Осмонова Нарын облусунун шаардык жана райондук милицияларынын Коомдук коопсуздук кызматкерлерине зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул багытта иш-чараларды күчөтүү максатында жана кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча сабактарды өткөрүп жатышат.

Алгачкы иш-чара Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залында өткөрүлүп, семинарга Коомдук алдын алуу борборлорунун, билим берүү мекемелеринин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Андан соң Кочкор районунун Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы мектеп гимназиясынын окуучулары менен жолугушуу уюштурулуп, аталган мектепте зордук-зомбулуктун алдын алууда атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлүп, мектептин окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн айрым айырмаланган активдүү окуучуларга, спорттун баскетбол оюну боюнча көптөгөн алдыңкы орундарды камсыз кылып келишкен командага ИИМнин туруктуу өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан флешкаларды фудболкаларды, спорттук баш кийимдерди жана Кыргызстандагы Сейферуорлд (Saferworld UK) уюму жана “Эл аралык толеранттуулук” фонду тарабынан спорттук кийимдерди, волейбол, баскетбол оюну үчүн топторду жана символикалуу белектерди тапшырышты.

Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Ушундай эле, иш-чара Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы районунун аймагында улантылып, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Нарын ОИИБнин жыйындар залында окутуулар жүргүзүлүп жатат.

Окуу семинарда катышуучуларга КРнын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде зомбулукка кабылган балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттүүлүгин сактоо чөйрөсүндөгү базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралар, ИИМдин КККнын милициянын участкалык уполномоченныйларынын жана балдар иштери боюнча участкалык инспекторунун күндөлүк колдонмо китепче, окутуу жана презентациялоо өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий