• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында турак жайларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Нарын шаарынын аймагындагы сел каптоо коркунучу бар аймактарга чукул жашаган тургундарга турак жайларды мамлекеттик камсыздандыруу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусовдун төрагалыгында түзүлгөн комиссия шаар аймагындагы табигый кырсык катталуу коркунучу бар аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочуларга турак жайларын камсыздандырууну түшүндүрүп, жеринде камсыздандыруудан өткөрүп жатат.

Нарын шаардык мэриясынын маалыматына таянсак, шаарда суу каптоо, жер көчүү, таш кулоо коркунучу бар 82 аймак бар.

Пикир

Оставить комментарий