• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги менен Оэйсис фонду адам сатуунун курмандыктарына жардам берүүнү баштайт

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Эмгек министрлиги жана Оэйсис фонду адам сатуунун курмандыктарына жардам берүүнү баштайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оэйсис фонду адам сатуунун курмандыктарына жардам берүү үчүн жаңы долбоорду баштады.

"Бирөөгө кам көрүү – бардыгына камкордук" долбоорунун алкагында адам сатуунун курмандыктары гуманитардык, юридикалык, психологиялык жана медициналык жардам ала алышат. Андан тышкары, Оэйсис адам сатуунун курмандыктарына билим алууга, баш калкалоого, жумушка орношууга жана башка мүмкүнчүлүктөрдү алууга жардам берет.

Иш-чара Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин "Борбор Азиядагы коопсуз миграция" долбоору тарабынан колдоого алынган.

"Адам сатуунун курмандыктарын аныктоо жана алар менен байланыш түзүү үчүн Оэйсис фонду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, кризистик борборлор жана бейөкмөт уюмдар менен иштешет", - дейт Оэйсис фондунун директору Мээрим Осмоналиева.

Эки жылдык долбоор КРда адам сатуунун курмандыктарына жардам берүү жолдорун жакшыртууга да багытталат. Кризистик борборлордун, жарандык коом уюмдарынын, министрликтин кызматкерлери тиешелүү окуудан өтүшөт. Негизги максат – адам сатуу коркунучу бар калкка алардын тобокелдиктерин жана аялуулугун азайтууга жардам берүү.

"Биз эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн коопсуз миграция маселесине жана адам сатууга каршы күрөшкө көңүл буруп, адам сатуунун курмандыктарына түздөн-түз жардам көрсөтүп жатканына ыраазыбыз", - деп белгиледи эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева.

Адам сатуу алдамчылык, зордук-зомбулук, коркутуу жана адамдын эркиндигин чектөө же адамдын алсыздыгын пайдалануу аркылуу адамды сатып алууну, сатууну же эксплуатациялоону камтыйт.

"Жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетишет. USAID бул миграциялык процесстин коопсуз болушуна жана адам сатуунун курмандыгы болгондор тиешелүү жардам алуусу үчүн ишин улантат", - деди USAIDдин КРдагы миссиясынын директору Эндрю Мэйбрук.

Министрлик өзүн же кимдир бирөөнү адам сатуунун курмандыгы болду деп эсептегендер жана жардамга муктаж болгондор Оэйсис фондуна телефон/WhatsApp/Telegram +996772554508, +996770554503 жана info@oasiskg.org электрондук дареги аркылуу кайрылса болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий