• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. 3-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11;

Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7;

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;

Эртең, Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзү 8…10°.

Пикир

Оставить комментарий