• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалпы республикалык тестирлөөгө Mega24 тиркемеси менен даярдан!

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. MegaCom компаниясы өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эң ыңгайлуу шарт түзгөнүн маалымдайт. Компания КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте билим берүү процесстеринен артта калбаганга жана жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖТР) даярданууга уникалдуу мүмкүнчүлүктү түздү.

Өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырууну ойлонуп жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга даярданууга Mega24 тиркемеси сунушталат. Тиркемеден бүтүрүүчүлөр орус жана кыргыз тилдеринде даярдана алышат.

Бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

Google Play/App Store’дон Mega24 тиркемесин көчүрүү же жаңылоо;

•“Мектеп” бөлүмүнө өтүү;

•ЖРТга даярдануу.

“Түзүлгөн мыкты шарттан пайдаланып жогорку окуу жайга бюджеттик негизде өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүздү арттырыңыз. Анткени бүтүрүүчү көп балл алган учурда өлкөдөгү жогорку 30 окуу жайы эшигин ачууга даяр!”, - деп билдирет MegaCom компаниясы.

Ийгилик жолуна MegaCom менен биргеликте аттаныңыз!

Пикир

Оставить комментарий