• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри: Бир күн ичинде уруксат кагазын алуу үчүн 13 миңден ашык арыз келип түштү

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында бир күн ичинде уруксат кагазын алуу үчүн 13 миңден ашык арыз келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Ал Бишкек шаарында өзгөчө абал 10-майга чейин узартылганын, ошол эле учурда 1-майдан тарта айрым ишкана-мекемелер иштей баштаганын айтып өттү.

"Алар – өнөр жай тармагы, курулуш тармагы, унааларды оңдоо жана тейлөө тармагы, жеке жана мамлекеттик нотариустардын, соода тармагы – ушул жерден белгилеп кетчү нерсе, интернет-дүкөндөр, курулуш материалдарын, кездемелерди дүңүнөн саткан жана жеткирген ишкана, тетиктерди саткан дүкөндөрдүн иштөөсүнө уруксат берилет, чач-тарачтар – алдын ала жазылуу жана чач кыркуу боюнча гана иштей алат. Ошондой эле такси кызматтарынын иштөөсүнө уруксат берилген. Бирок унаага экиден ашык жүргүнчү салууга болбойт", - деди ал.

Ал, бажы, салык кызматы, мэрия жана мекемелер тарабынан комендатуранын алдында уруксат кагаздарын берүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөнүн айтып өттү. Анын айтымында, 2-майга карата 1 күн ичинде аларга уруксат кагазын алуу боюнча 13 миң 43 кайрылуу болгон.

"Анын ичинен 1 миң 687си жактырылды: унааларга күнү-түнү жүрүүгө – 41, күндүзгү маалга – 1 миң 92 жана жөө жүргөнгө – 554. 10 миң 521 арыз жактырылган жок. 835 арыз каралууда. Эмнеге мынча көп баш тартуу болду деген суроо болушу мүмкүн. Көп жарандар электрондук порталга документтерин киргизгенде көп каталар кетип жатат. Арыздарды 1312.tunduk.kg порталына калтырууга болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий