• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

12-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.12.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -10...-15 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0...-5, Ысык-Көл облусунда -2...-7, Нарын облусунда -3...-8 градус суук болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы -11...-13 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий