• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2094кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2094кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде 48 жарандан COVID-19 аныкталган. Ал эми 99 адам оорудан айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок 30-апрелден тарта айрым чектөөлөр алынган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 1212 адам айыкса, 9 жаран илдеттин кесепетинен каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий