• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы абал комендатуранын көзөмөлүндө

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы абал комендатуранын көзөмөлүндө, - деп билдирет Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өзгөчө абал алынган соң, күч түзүмдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагын көзөмөлгө алууну күчөттү. Бирок ага карабастан коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынын аймагынан 5 жаран кармалып, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта бир сутка ичинде 5 кылмыш фактысы катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.

"Азыркы учурда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер күнү-түнү тынымсыз кызмат өтөп, блопосттордо шаар аймагына кирип-чыгуулар тыкыр текшерилип жатат. Атуулдардын көчөдө негизсиз жүрүүлөрүн болтурбоо үчүн кайгулдоо багыттары түзүлүп, дислокациянын негизинде жумуштар алып барылууда. Жарандарга азыркы кырдаал туура багытта түшүндүрүлүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого жана зарыл жумуштар болбосо үйдө отуруу керектиги эскертилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, комендатуранын алдында түзүлгөн "Бирге жеңебиз" кайрымдуулук штабы өз ишин улантып жатат. Шаар тургундарынын азык-түлүккө болгон муктаждыктары боюнча телефон чалуулары кабыл алынып, күнүмдүк керектелүүчү азыктар муктаж болгон жарандардын үйлөрүнө жеткирилип берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий